Site icon Reporter.kg

Бишкекте 34 жаштагы жаран баңгизат таратууга шектелип кармалды

Бишкекте 34 жаштагы жаран баңгизат таратууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кызматка баңгизат таратуу менен алектенген жаран тууралуу маалымат түшкөн. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп, шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал 34 жаштагы Д.М. аттуу жаран болуп чыккан. Ал өз ыктыяры менен милицияга баштыкчага салынган маңзатты өткөрүп берип, баңгизат каткан жерлерин көрсөткөн.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган заттар Альфа-ПВП психотроптук заты экени аныкталган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына камакка алынды.

Милиция баңгизат даярдап, сатып, тараткан адамдар мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет.

Exit mobile version