Бишкекте 38 жаштагы адамды өз үйүнөн атып кетишти

Бишкекте 38 жаштагы адамды өз үйүнөн атып кетишти

Бишкекте 38 жаштагы адамды өз үйүндө атып кетишти. Бул тууралуу “Репортёрго” Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  милицияга 25 – февралда таңга маал Чыгыш-5 кичирайонундагы батирлердин биринде адам эс учун билбей жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдары 38 жаштагы С.Д. аттуу адамдын жансыз денесин көрүшкөн. Ал көкүрөгүнө тийген октон көз жумганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди аныктоо боюнча иликтөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>