2022-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим Бишкек шаарынын апрель айына карата аба ырайын эске алуу менен кабыл алынган.
«Бишкек шаарынын ЖЭБне, «Бишкекжылуулукэнерго» ААКсына, «Бишкекжылуулукэнерго» КПга жана ведомстволук отканалардын жетекчилерине борбор калаанын имараттарын жылуулук менен камсыз кылган жылуулук жабдууларын өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды», — деп жазат басма сөз кызматы.