Бишкекте 4 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталды — сүрөттөр

Бишкекте 4 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталды — сүрөттөр

Бишкекте Ак-Ордо конушунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-февраль күнү саат 22:00 чамасында орун алган. Гагарин көчөсү менен чыгыш тарапка бара жаткан Ниссан Примера унаасы каршы тилкеде келе жаткан БМВ унаасы менен сүзүшкөн. БМВ унаасы 2001-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Жол кырсыгынан БМВ унаасынын айдоочусу жана 2001-жылы туулган жүргүнчүсү мерт кеткен. Дагы 2 жаран жаракат алышкан. Алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Ал эми Ниссан Примера унаасын 1989-жылы туулган Х.О. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Анын айдоочусу  жана анын жүргүнчүсү (25-30 жаш чамасындагы аял) каза болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>