Бишкекте 25-27-октябрь күндөрү ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.
«Урматтуу жарандар, бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз», — деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз