Бишкекте 40 жаштагы киши 6 жашар кызды мончого алып кирип, адепсиз жорук жасаган деп шектелүүдө

Бишкекте 40 жаштагы киши 6 жашар кызды мончого алып кирип, адепсиз жорук жасаган деп шектелүүдө

Бишкекте 6 жаштагы кызды мончого алып кирип, адепсиз жорук жасаган киши кармалды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Эсения Рамазанова билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 40 жаштагы киши жаш кызга карата адепсиз жорук жасаган деп шектелүүдө. Учурда ал № 1 тергөө абагына киргизилди. Кармалган жаран 6 жаштагы кызды алдап мончого алып барып, адепсиз жорук жасаганга аракет кылган. Кыз анын колунан чыгып, качып кетүүгө жетишкен. Андан кийин кыздын ата-энеси милиция чакырып, шектүүнү качып бара жаткан жеринен колго түшүрүштү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>