Бишкектеги соода борборлордун биринен азык-түлүк уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-сентябрда милицияга К.Г. аттуу аял киши кайрылып, 31-августта шаардагы соода борборлорунун биринен белгисиз жаран 10 миң 455 сомдук азык-тулүк уурдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 43 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү Ленин райондук милициянын тергөө кызыматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(552) 106-207, 0(508) 777-977, 0(703) 666-689 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз