Бишкекте 5 күндөн бери дайынсыз болгон 16 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкекте 5 күндөн бери дайынсыз болгон 16 жаштагы кыз изделүүдө

Борбор калаада 16 жаштагы Назик Уланова изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Назик Уланова 7-апрель күнү саат 15:30 чамасында Бишкектеги үйүнөн чыгып, ошол боюнча кайра кайтып келбеген.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кыска, оң бутунда тагы бар.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү күрмө, кара футболка, көк түстөгү жынсы шым, ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн.

Кимде ким сүрөттөгү кызды көргөн, билген болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 жана 102.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>