Бишкекте 5-класстын окуучусу киши колду болуп өлтүрүлдү

Бишкекте 5-класстын окуучусу киши колду болуп өлтүрүлдү

Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн жансыз денеси үйүндө табылган. Аны мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери иш алып барышууда.

Ыкчам-тергөө иштери жыйынтыкталгандан соң толук маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>