Site icon Reporter.kg

Бишкекте 5 кыз менен 2 эркек киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганын 18-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш 17-октябрга караган түнү «Чыгыш-5» кичи районундагы көңүл ачуучу жайлардын биринде болгон. Окуяга күбө болгондор шаардык милициянын Патрулдук милиция кызматынын инспекторлоруна окуя болгонго чейин эркек киши кыз менен уруша кетип, аны сабап салганын айтышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин  анын төрт досу менен эки жигити эркекке кол салып, экинчиси каза болгон.

Баары Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, алардын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version