Бишкекте 50 адамдан ашык кардар тейлеген 15 кафеге айып салынды

Бишкекте 50 адамдан ашык кардар тейлеген 15 кафеге айып салынды

Бишкек шаарында коронавирус пандемиясына каршы коопсуздук шарттарын сактабаган 15 эс алуу жайынын ээлерине айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, санитардык кайгуул кызматы уюштурулуп, шаар ичиндеги кафе, ресторан, түнкү клубдардагы карантиндик талаптардын сакталуусу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Соңку сутка ичиндеги текшерүүдө эле 15 эс алуу жайы кардарлар 50 адамдан ашпашы керек деген талаптарды сактабаганы маалым болгон. Алардын ээлерине жалпы 45 миң сом айып салынган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>