Өлкө боюнча мектептерге 1 миң 335 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, эң көп бош орун Бишкек шаарында. Ордо каалаада 493 мугалим жетишпейт.
Чүй облусунда – 292, Баткенде – 137, Жалал-Абадда – 110, Ысык-Көлдө – 115, Ошто – 58, Таласта – 71, Ошто — 42, Нарында– 17 педогог керек.
Эң чоң суроо-талап окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге, ошондой элематематика, информатика, физика, орус жана англис тилдери боюнча мугалимдерге жогору.