Бишкекте 53,5 миңден ашуун окуучу мектепке барды

Бишкекте 53,5 миңден ашуун окуучу мектепке барды

Бишкекте 1-5-9 жана 11-класстар 18-январдан тарта  мектепке бара башташты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Күндүзгү окуу процесси калыбына келтирилген биринчи күнү 53,5 миңден ашык окуучу мектепке барды. Учурда 3 миң 680 окуучу онлайн режиминде окууну улантууда.

6 миңден ашуун мугалимдер графикке ылайык кадимки жана аралык режимде сабак өтүшүүдө.

Бүгүнкү күндө бардык 97 мектеп жана 87 бала бакчалар жетиштүү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болушкан, билим берүү бөлүмүнөн коргоочу каражаттарды сатып алууга 6,8 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>