Site icon Reporter.kg

Бишкекте 6-кабаттан алты жаштагы кыз кулап кетип каза болду

Бишкекте 6-кабаттын терезесинен алты жашар кыз кулап кетип, ооруканада каза болду.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдиргендей, 16-мартта Бишкек ШИИБдин  «102» кызматына окуя тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган.

Алдын ала текшерүү учурунда 2019-жылы туулган А.А. аттуу кыз 6-кабаттан кулап кеткени аныкталган. Анын кесепетинен ал оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, А.А. жаракаттардан улам каза болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version