Site icon Reporter.kg

Бишкекте секелек кызды жер төлөгө алып кирди деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте 6 жаштагы кызды жер төлөгө алып кирди деп шектелген 53 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматына С.Н. аттуу жаран кайрылып, 10-июнда болжол менен саат 20:00 чамасында белгисиз адам Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө анын 2019-жылы туулган жашы жете элек кызы С. Ж. менен отурганын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 53 жаштагы Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милициянын маалыматында шектүүнүн уурулукка фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын аныкталып, тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version