Бишкекте 7 өлкөнүн ырчылары катышкан эл аралык фестиваль өтөт

Бишкекте 7 өлкөнүн ырчылары катышкан эл аралык фестиваль өтөт

Бишкекте Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-25-апрелде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт.

Ага Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.

Фестиваль 21-апрель күнү саат 18:00 дө Джузеппе Вердинин «Аида» операсы менен ачылат.

Ал эми, 23-апрель күнү гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.

Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин «Принц Игорь» операсы менен аяктайт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>