Бишкекте 700 миң сомдук жез зымдарды уурдап кеткен деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-майда милицияга бир жаран кайрылып, 4-майда белгисиз адамдар Ч. Айтматов проспектисинде курулуп жаткан объекттин аймагынан электр энергиясын өткөрө турган жез зымдарды уурдап кеткенин билдирген. Уурдалган жез зымдардын баасы 700 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кылмышкерлерди издеп, шектүү катары 27 жаштагы Э.М. жана 31 жаштагы К.Ж. аттуу жарандарды кармады. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды
Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катышытыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(551) 33-33-39, 0(509) 09-01-31 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.