Бишкекте 72 жаштагы кишинин сөөгү батиринен табылды

Бишкекте 72 жаштагы кишинин сөөгү батиринен табылды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 72 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 72 жаштагы абышка бир нече күндөн бери батиринен чыкпай жатканын айтып, кошуналары тийиштүү мекеменин кызматкерлерине кайрылышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, полдо жаткан жансыз денени тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>