Site icon Reporter.kg

Бишкекте 74 жаштагы Кубат Айдаров дайынсыз болууда

1946-жылы туулган Кубат Айдаров Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

5-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына жаран Кубат Айдаров үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбей жатат деген билдирүү түшкөн.

Чакыруу болгон жерге келгенде, А.Ж., жазуу түрүндөгү арызы менен милицияга кайрылган, ал 2021-жылдын 5-январында саат 17:30 чамасында Павлова көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, психологиялык ооруга чалдыккан атасы Кубат Айдаровду издөөгө жардам сураган.

Бул факт Биринчи май РИИБнин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда милиция кызматкерлери Айдаровдун жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Exit mobile version