Site icon Reporter.kg

Бишкекте 81 жаштагы Тамара Баранова 17 күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 81 жаштагы Тамара Баранова изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тамара Баранова 10-сентябрдан бери дайынсыз болууда. Ошол күнү ал 11-кичирайондогу үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Ага байланыштуу кызы 11-сентябрда милицияга арыз жазып, апасын издөөгө жардам сураган.

Белгилери: бою 15-160 см, коңур чач, көзү күрөң

Кийген кийими: жашыл түстөгү костюм-шым, кара түстөгү туфли

Милиция Тамара Баранованы көргөндөр болсо, 0(312) 54-41-16, 0(500) 43-43-10, 0(550) 11-11-95, 0(701) 00-27-35  же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Exit mobile version