Бишкекте 83 жаштагы адамды бычактап өлтүргөн деп анын небереси кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициянын басма сөз кызматы билдирет.
28-январь күнү саат 13:40 чамасында Аламүдүн-1 кичи районунун үйлөрүнүн биринен чыкыруу келип түшкөн. Милициянын кайгуул кызматкерлери менен Свердлов РИИБнин кызматкерлери айтылган дареке барган учурда, 1937-жылы төрөлгөн К. Ю аттуу жарандын бычактан жаракат алып өлгөн жансыз денеси табылган .
Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары маркумдун 1985-жылы туулган небереси кармалып,тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда бул кылмыш иши Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстине катталып,тергөө иштери жүрүп жатат.