Site icon Reporter.kg

Бишкекте 83 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип небереси кармалды

Бишкекте 83 жаштагы адамды бычактап өлтүргөн деп анын небереси кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициянын басма сөз кызматы билдирет.

28-январь күнү  саат 13:40 чамасында  Аламүдүн-1 кичи районунун үйлөрүнүн биринен  чыкыруу келип түшкөн. Милициянын кайгуул кызматкерлери менен Свердлов РИИБнин кызматкерлери  айтылган дареке барган учурда, 1937-жылы төрөлгөн К. Ю аттуу жарандын бычактан  жаракат алып  өлгөн жансыз денеси табылган .

Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары маркумдун  1985-жылы туулган небереси  кармалып,тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда бул кылмыш иши Кылмыштардын жана жооруктардын  бирдиктүү рейстине катталып,тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version