Кечээ, 16-мартта Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү турак үйдүн 9-кабатынан эки бала кулап түшүп, каза тапты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.
Милиция билдиргендей, каргашалуу окуя тууралуу маалымат «102» кызматына 16-мартта саат 16:24 чамасында түшкөн.
Ленин райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, факт тастыкталган. Алган жараттарынан улам 2 жана 4 жаштагы эки бала ошол жерде каза болушкан.
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.