Site icon Reporter.kg

Бишкекте 90 миң доллар алып качып кеткен шектүүлөр кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 15-декабрда Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, 2019-жылдын августта эки адам ага биргелешкен бизнес ачууну сунуштап, дары-дармектерди алып келүүнү убада кылышкан. Алар жабырлануучудан 90 миң долларды алып, дайынсыз болуп кеткен.

Аталган факты боюнча 204-берене («Алдамчылык») менен сотко чейинки өндүрүш башталып, шектүүлөрдүн бири Бишкек шаарында, экинчиси Жалал-Абад облусунда кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Exit mobile version