Бишкекте ачылган күндүзгү стационарлар кайсы даректерде жайгашкан? – Тизме

Бишкекте ачылган күндүзгү стационарлар кайсы даректерде жайгашкан? – Тизме

Организиминен COVID-19 же пневмониянын белгилерин байкаган жарандар Бишкек шаарынын күндүзгү стационарларга 8.00дөн 20.00гө чейин кайрылса болот. Бул тууралуу Республикалык шатбдан билдиришти.

Күндүзгү стационарларда иштеген медайымдар бейтаптарга тамчылатма (капельница) коюп же укол сайып беришет.

Бүгүнкү күнү шаарда 9 күндүзгү стационар төмөнкү даректер боюнча иш жүргүзүп жатат:

Ленин районунда:
— «Газпром» спорткомплекси, Токонбаев -Чортекова – 120 орун;
— № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул көчөсү- Уматалиева кесилишинде)
— «Арал» кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:
— Ратбек Санатбаев атындагы ФОК, Восток — 5 кичирайонунда – 150 орун;
— № 94 орто мектепте – 50 орун («Дордой» конушунда).

Октябрь районунда:
— «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, церковтун жанында – 200 орун;
— «Сейтек» мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 Алатоо университети).

Биринчи май районунда:
— № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9).
— К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>