Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип, өспүрүм балдар кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип, өспүрүм балдар кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 30-35 жаштагы белгисиз адамдын  жансыз денеси табылган.  Бул окуяга байланыштуу Ленин РИИБинин кызматкерлери ыкчам издөө иштеринин жүргүзүп, көп узабай кылмышка шектүү катары 3 адамды кармашкан. Алар 2000-жылы туулган А.К, 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. аттуу балдар болгон. 

Шектүүлөр Ленин районунун ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>