Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип эки селсаяк кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип эки селсаяк кармалды

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-март күнү саат 15:40 чамасында милицияга Чуйков көчөсүндөгү жеке үйдүн жанында эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге келген тергөө тобү Бишкек шаарынын Чуйков көчөсүндө жайгашкан жеке үйдүн жанында жайгашкан темир жолдун жанынан азиат улутундагы белгисиз адамдын жансыз денесин табышкан.

Жансыз денеге сырткы экспертиза жүргүзгөн учурда, анын башынын аймагында, мурдунун үстүндө, көздөрүндө, чекесинде жаракаттар аныкталган.

«Селсаяк» аталышындагы иш-чаранын алкагында шектүү катары 1987-жылы туулган С.С. жана 1995-жылы туулган С.А кармалган.

Аларга 98-берене (адам өлтүрүү) менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>