Site icon Reporter.kg

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү коңшу өлкөдөн кармалды

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 3-апрелде борбордогу Патрис Лумумба жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ орун алып, 1988-жылы туулган Артур Багданов бычактан жаракат алып,  ооруканада эсине келбей каза болгон.

Ошол күнү Багдановдун жумушуна 3 досу келгени, арасында 32 жаштагы Николай Алексеев аттуу тууганы болгону алардын ортосунда пикир келишпестик болуп, тууганы бычак менен сайып жибергени далилденген.

Бул факты 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, Николай Алексеевди издөө иштери башталган болчу.

Маалыматка ылайык, шектүү Казакстандын Алматы шаарынан кармалган. Учурда кармалган жаранды Кыргыз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

Exit mobile version