Site icon Reporter.kg

Бишкекте адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулууда

Бишкектин Биринчи май районунда адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун аймагында 50дөн ашык камера орнотулат.

«Учурда Эркиндик бульварында видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери башталды. Аталган бульвардын Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү 4 кесилиши атайын жабдуулар менен жабдылат. Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт», — деп белгилейт мэрия.

Камералардын орнотулушунун максаты жарандардын коопсуздугун жана тартипти сактоо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version