Бишкек шаарында Жерди алыстан зонддоо жана аэрокосмостук кызматташтык боюнча эл аралык форум болуп өттү. Иш-чара гибриддик форматта — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имаратында жана онлайн түрүндө — Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.
Форумду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана Улуттук илимдер академиясы уюштурду. Иш-чара Кыргызстандын Бириккен аймактагы төрагалыгынын алкагында “Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” ураанында өттү.
Тегерек столго Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриядан келген эксперттер жана расмий өкүлдөр катышып, геомаалыматтык мониторинг, аэрокосмостук программалар жана эл аралык кызматташтык тууралуу докладдарды сунушташты.
Катышуучулар космостук технологиялар багытында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү жана түрк дүйнөсүндө аэрокосмостук илимий мейкиндикти түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.