Site icon Reporter.kg

Бишкекте айдоочу унаасы менен 7 жаштагы баланы сүзүп кетти

Бишкекте Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Blacklist.kg Telegram-каналы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Окуяны Бишкектеги Тез жардам борборунан дагы тастыкташты.

«Тез жардам борборуна чакыруу 12.20да түшкөн. Жабырлануучу жети жашта. Ал баш мээси чайкалып, ийин сөөгү сынган деген диагноз менен Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган», — деп маалымдады Тез жардам борборунан.

Exit mobile version