Бишкектин Суворов көчөсүндө, ГЭС-2де «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан эки окуучу кызды сүзүп, андан соң электр мамысына урунган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, жабыркаган кыздарды тез жардам кызматы алып кеткен.
Жол кырсыгы №1 мектептен алыс эмес жерде болгон.