Site icon Reporter.kg

Бишкекте айдоочулар апрелде митингге чыгышат

Бишкек шаарында айдоочулар “Коопсуз шаардын” алкагындагы айып пулдардын өлчөмүнө каршы митингге чыгышат. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармакка жарыялашты.

Билдирүүгө таянсак, тынчтык митингги 4-апрель күнү саат 12:00дө “Ала-Тоо” аянтында өтөт.

Иш-чарада айып пулдун өлчөмүн жарандардын орточо эмгек акысына туура келтирүүнү талап кылынат. Айып пул айлык акыга, кирешеге жараша кайрадан эсептелип, төмөндөтүлүүсүн талап кылышат.

Exit mobile version