Бишкекте айдоочулар апрелде митингге чыгышат
Бишкек шаарында айдоочулар “Коопсуз шаардын” алкагындагы айып пулдардын өлчөмүнө каршы митингге чыгышат. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармакка жарыялашты. Билдирүүгө таянсак, тынчтык митингги 4-апрель күнү саат 12:00дө “Ала-Тоо” аянтында өтөт. Иш-чарада айып пулдун өлчөмүн жарандардын орточо эмгек акысына туура келтирүүнү талап кылынат. Айып пул айлык акыга, кирешеге жараша кайрадан эсептелип, төмөндөтүлүүсүн талап кылышат.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт