Site icon Reporter.kg

Бишкекте айрым автобустардын багыты убактылуу өзгөрдү (схема)

Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу айрым автобустардын кыймыл багытына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

7-майдан 10-майга чейин №36, №56, №101, №118 жана №135 автобус маршруттары Ибраимов, Шопоков, Жумабек жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу каттабайт.

Маршруттар жабылган бөлүктөрдү айланып өтүү менен уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.

Exit mobile version