Site icon Reporter.kg

Бишкекте айрым банктар кайрадан жабылды

«FINCA Банктын» Бишкектеги бардык филиалдары өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жабылды. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталына жеке булактар аркылуу белгилүү болду. 

Андан сырткары, «Бай Түшүм» жана башка каржы-насыя уюмдар дагы өз филиалдарын жабышты. Айрым банктар саат экиге чейин гана иштешкен. Белгилей кетсек, Улуттук банк коммерциялык банктарга 8-октябрдан тарта саат 09:00дөн 15:00го чейин иштөө сунушун берген.

Exit mobile version