Site icon Reporter.kg

Бишкекте айрым жолдор жабылып, транспорттун багыты өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү менен кесилиши жана ушул эле көчөнүн Москва менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Ж. Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.

Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрүүдө: №42, 56, 103, 145, 152, 169, 195, 212.

Exit mobile version