Бишкек шаарында, 5-март күнү, Улуттук тарых музейинин алдында кыргыздын улуттук баш кийими «Ак калпак күнүнө» карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара аталган министрлик жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулууда.
«Иш-чара саат 10:00дө Тоголок Молдо менен Чүй проспектисинин кесилишинен «Ала-Тоо» аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү менен башталат. Иш-чаранын алкагында ак калпактардын көргөзмөсү уюштурулуп, «Манас» айтылып, жаш акындардын мекенге жана ак калпакка арналган ырлары окулуп, төкмө акындардын катышуусу менен кыргыз ак калпагы даңазаланат», — деп билдирет министрлик.
Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:30да башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз