Site icon Reporter.kg

Бишкекте акча алмаштыруучу жайды карактап 10 миң доллар алып кеткен адам кармалды

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайды тоноп, 10 миң доллар алып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  карактоо 11-июль күнү саат саат 12:40 чамасында болгон.

Белгисиз адам аталган жайдын кызматкерин сабап, 10 доллар алып чыгып кеткен. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу М.Б. аттуу жаран кармалган.

Exit mobile version