Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” акциясы өттү

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” акциясы өттү

“Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршынын катышуучулары бул жекшембиде да темир жол бекетинин алдына чогулушту.

Алардын көчөгө чыгышына Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы Райымбек Матраимовго байланыштуу чечими себеп болгон. Сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, 260 миң сомдук айыппулга жыккан. Акциянын катышуучулары соттун чечими адилеттүү болбой калды деп эсептеп, мурдагы бажычынын камалышын талап кылышты.

“Биз элдин активдүү катмарыбыз. Биздин моюнубузда чоң милдет турат. Качан гана жарандар мамлекетке көзөмөл кылганды билгенде өлкө өнүгөт», — деди жарандык активист Улан Үсөйүн.

Акциянын катышуучулары Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш жасап, “Райым камалсын!”, “Акыйкаттык орносун” деген ураандарды чакырып келишти.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 11-февралда чыгарган өкүмү күчүнө кире элек. Прокуратура же айыпталуучу тарап өкүмгө каршы 30 күндүн ичинде арызданса болот. Азырынча Башкы прокуратура арыз жазаар-жазбасын айта элек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>