Бишкекте ала качылган кыз үй-бүлөдө жалгыз бала болгон — ВИДЕО

Бишкекте ала качылган кыз үй-бүлөдө жалгыз бала болгон — ВИДЕО

Бишкекте 5-апрел күнү Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече жигит кыз ала качкан. Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдиришти.

“Ала качкан жигит каякта экенин ата-энеси билбейт. Ала качкандан кийин Сосновкадагы посттон кайра шаарды көздөй бурулганы камерага түшүп калган. Эмне үчүн “Коопсуз шаар” долбоору иштебейт, эмне үчүн аны унаасынын номери аркылуу тапса болбойт? Эмнеге Биринчи май райондук милициясы аракет кылбай жатат? Байланышка чыга элегине үчүнчү күн кетип жатат, биз кабатырланып жатабыз”, — дешти кыздын жакындары.

Алардын айтымында, 5-апрелде эле арыз жазышкан жана милиция издөөгө болгон күчүн жумшап жатканын билдирген.

“Бул ала качуу эмес, бул уюшуп уурдоо. Айзада үй-бүлөсүндө жалгыз кыз, атасы жок өскөн. Ал 16-апрелде Түркияга учуп кетиш керек эле. Анын апасы аябай кабатыр болууда”, — деп кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>