Site icon Reporter.kg

Бишкекте «Ала-Тоо» аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкекте «Ала-Тоо» аянты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкекбашкыархитектура» ишканасы тарабынан дээрлик даярдалып бүттү. Жакынкы арада аянтта оңдоп-түзөө иштери башталат. Ага байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр баскан жерлер убактылуу жабылат.

Мэрия жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Exit mobile version