Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Октябр райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-июлда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылы февраль айында Н. аттуу жаран баасы 250 миң сом болгон «Subaru Legacy» унаасын сатып алам деген шылтоо менен алып, башка адамдарга сатып салганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 30 жаштагы С.С. аттуу жаран болуп чыккан. Соттун чечими менен шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улануууда.