Site icon Reporter.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Октябр райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июлда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылы февраль айында Н. аттуу жаран баасы 250 миң сом болгон «Subaru Legacy» унаасын сатып алам деген шылтоо менен алып,  башка адамдарга сатып салганын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 30 жаштагы С.С. аттуу жаран болуп чыккан. Соттун чечими менен шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери улануууда.

Exit mobile version