Бишкек шаарында алдамчылык боюнча соттолгон аял СИЗОдо көз жарды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, аял ушул жылдын 15-февралында төрөгөн. Аны үйүндө мындан тышкары дагы алты баласы күтүп жатат.
“2022-жылдын декабрь айында аны Свердлов райондук соту күнөөлүү деп таап, судья Адимов Акылбек 6 жылга эркинен ажыраткан. Башкача айтканда, кош бойлуу кезинде үстөк пайызына (144% жылдык) алган карызын толук кайтара албай калганы үчүн камалган”, — деди Жоошев.
“Сот адилеттүү өкүм чыгарат деп ишенебиз”, — деп кошумчалады ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз