Site icon Reporter.kg

Бишкекте асма жол качан курулуп баштары айтылды

Бишкекте асма жолдун курулушу 2024-жылдын май айынын аягында – июнь айынын башында башталат. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов шаардык кенештин 21-февралдагы  жыйынында билдирген.

Вице-мэрдин айтымында, ушул айдын аягында Швейцариядан дизайнердин келиши күтүлүүдө, анда кызматташуу келишимине кол коюлат.

«Долбоор алдын ала жактырылган, капсула салуу иши майдын аягы – июнь айынын башына пландалууда. Объект 2025-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизилери күтүлүүдө», — деди Сазыкулов.

Долбоорго ылайык, асма жол 65 кабина менен жабдылып, күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адамды ташыйт. Долбоор шаардын бюджетинен ар кандай булактардан инвестиция тартуу менен каржыланат.

Бишкекте асма жол куруу пландалууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version