Site icon Reporter.kg

Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өттү — видео

2-3-октябрда Борбор калаадагы «Күлүк» олимпиадалык резервинин адистештирилген мектебинде ат спорту боюнча Бишкектин ачык чемпионаты өттү. Мелдеш эки бөлүктөн туруп, спортчулар үч категорияда күч сынашты. Тагыраагы, бийиктиги 50, 110 жана 130 сантиметрге жеткен тоскоолуктарды ашып өтүштү.

Бул мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Россия, Болгария жана Абхазиянын спортчулары катышты. Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Кыргызстандын ат спорту федерациясы менен биргеликте уюштурду. Иш -чара Кыргызстанда ат спортун жайылтуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлдү.

КРнын Ат оюндар боюнча федерациясынын президенти Садыр Мамытов: “Бүгүн ат оюндары боюнча мектепте Бишкек шаарынын чемпионаты өтүп жатат. Бул иш-чара жыл сайын ушул маалда өтөт. Быйыл бул турнирге Казакстан, Россиядан келген спортчулар да катышууда. Себеп, Евразия чемпионатына даярдык көрүү үчүн»,- деди.
Ошондой эле ал иш-чара Евразия лигасынын негизинде өткөрүлүп жатканын белгиледи.

“Кыргызстандык Камил Сабитов Москвада өтө турган Евразия лигасынын финалына катышат. Анда жеңишке жетүүгө жакшы мүмкүнүлүктөр бар”, — деп кошумчалады аталган федерациянын президенти.

Бул жолку мелдештин жеңүчүүсү тажрыйбалуу чабандес жана “Күлүк” ат спорт мектебинин башкы машыктыруучусу Ринат Галимов болду. Ал минген Турон аты менен тосмолорду кулатпай өтүп гран-прини жеңди.

Exit mobile version