Бишкекте атасы бычактап ооруканага түшкөн бала өз алдынча дем алууда

Бишкекте атасы бычактап ооруканага түшкөн бала өз алдынча дем алууда

Бишкекте атасы бычактап ооруканага  түшкөн өспүрүм өз алдынча дем алууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бала жасалма дем алуучу аппараттан чыкканы менен, абалы дагы эле оор.

Белгилей кетсек, Бишкектин тургуну 6-март күнү үй-бүлөлүк жаңжалдан улам аялы менен баласын бычактап, өзү асынып алган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ  көк кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен бычакталган аялдын  сөөгүн жана жуунучу бөлмөдөн эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Көкүрөгүнө бычак сайылган оор абалдагы 10 жашар бала тез жардам унаасы аркылуу Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>