Site icon Reporter.kg

Бишкекте атасы майыптыгы бар кызын зордуктаганы айтылды, милиция үн катты

Бишкекте атасы майыптыгы бар кызын зордуктаган. Бул тууралуу журналист Алтынай Арстанбекова билдирди.

Арстанбекова 8-январда «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирге чыгып, кыздын апасы менен маектешкен. Аялдын айтымында, ал көп жылдан бери күйөөсүнөн зордук-зомбулук көрүп келет. Күйөөсү ал милицияга арыздана турган болсо, акча менен кутулуп кетерип айтып, «өлтүртүп кетем, психиатриялык ооруканага жаткырам» деген да коркутууларын айтып жүргөн. Ошондой эле ажырашуусуна уруксат бербей, жанагыдай сөздөр менен коркутуп келген. Мындан улам ал акчалуу, тааныш-билиштери бар күйөөсүнүн үстүнөн кимдир-бирөөгө арыздануудан чоочулаган.

Соңку ирет 2024-жылдын 30-декабрында күйөөсү аны мас болуп келип сабаган. Аял көчөгө качып чыгып, милицияга чалган. Укук коргоо кызматкерлери 1 саттан кийин келип, күйөөсүн кармап кеткен. Кийинчерээк аял кызы зордукталганын билип, милицияга арыз жазган.

Милиция эмне дейт?

Бишкектин Ленин райондук милициясы билдиргендей, күйөөсү (С.Б.) аялын сабаган факт боюнча ага Укук бузуулар кодексинин «үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен протокол түзүлүп, соттун чечими менен ал 7 күн камакта отуруп чыкты.

Ошондой эле аял күйөөсү кызын зордуктаганын билдирип, милицияга арыз жазган. Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Милиция тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынарын билдирди.

Exit mobile version