Site icon Reporter.kg

Бишкекте автобуста кыз кишиге ыдык көрсөткөн жаран кармалды

Бишкекте автобуста кыз кишиге ыдык көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Бишкектеги автобустун ичинде бир эркек кыз кишинин жамбашын кармалап жатканы тартылган видео чыккан. Автобус аялдамага токтогондо кыз, анын артынан жанагы эркек түшүп кеткен.

Бул тасма соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, видеодогу адамды таап, жазалоо талабы жаңырган.

Милиция билдиргендей, аталган окуя боюнча шектүү катары 35 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, сөгүнүп-сагынган. Ага байланыштуу Укук-бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, ал камакка алынган.

Ал эми автобуста болгон окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, кармалган жарандын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Exit mobile version